«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы
АМАН-ЭСЕН БОЛСО ЭКЕН АТА МЕКЕН
Агып жаткан дайраны нукка бурган,
Саясатың татаал экен, каатал экен.
Кызмат ордун талашып кырылышпай,
Аман-эсен болсо экен Ата Мекен.
Мен кыргыз, апам кыргыз, атам кыргыз,
Душманыңа дайыма каатал кыргыз.
Жууруулушуп ынтымакта жашаганга,
Ураанымды чакырып жатам кыргыз.
Кыргыз ата өзүнөн таралганбыз,
Кыргыз деген бир сөздөн жаралганбыз.
Аты чыкпай дүйнөгө кыргыз деген,
Канча кылым капаста камалганбыз.
Мына эми эркиндикке жеттик бүгүн,
Кубанып тосуп алам азат күнүн.
Оо, кыргыз, ээн-эркин жашай бергин,
Эгемендүү өлкө болдук, буга сүйүн!
Элибиз жамандыктан алыс болсун,
Жашыбызда, карыбызда намыс болсун.
Өлкөбүздүн багытын туура баштап,
Бийликтеги адамдар калыс болсун.
Кыргызча көркөм окуу · aibek