«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы
АЧЫЛГАН КҮНҮ БҮЧҮРДҮН...
Уулум Сабыркулдун туулган күнүнө. 2006-жыл, 26-март
Төрөлсө эркек бала деп,
Үмүт кылып күткөн күн.
Кудайым берип тилекти,
Жакшылык мага бүткөн күн.
Сүйүнчүлөп эркек деп,
«От души» арак ичкен күн.
Кубанып таң аткан күн,
Кубаныч менен баткан күн.
Чыкканын да, батканды да билбестен,
«Нокаут» болуп жаткан күн.
Арагы өтпөй алкымдан,
Женил деп вино ичкен күн.
Айыл-апа жыйналып,
Коноктордү күткөн күн.
Кубанычка оронгон күн,
Кайгы-капа жоголгон күн.
Ысмайыл келип «похмелди» бер деп,
Чөнтөктөрүм тонолгон күн.
Куттуу болсун айтышып,
Үйүмдү конок баскан күн.
Жээнкул менен Ысмайыл,
Эс-учун билбей жаткан күн.
Март айдын жыйырма алтысы,
Туулган күнүң кут болсун.
Аман болуп балдарың,
Жаңаша жашап алганың,
Үйүңө дайым кут консун!
Туугандарга жакын бол,
Душманыңдан алыс бол.
Туура сүйлөп, түз жүрүп,
Таразадай калыс бол.
Тышкары бол кырсыктан,
Узун болуп өмүрүң.
Ата-энеңе көз салгын,
Баласы болбой «бөрүнүн».
Ошол күн болчу ушул күн,
Ачылган күнү бүчүрдүн.
Ээси болдуң турмуштун,
Жашоонун баасын түшүнгүн.
Жебеси жылып саатын,
Өткөн күн барат ыраактап.
Сабырдуу кылып төрөгөн,
Апаң Рахимага ырахмат!
Атынды койгом ырымдап,
Сабырдуу болсун балам деп.
Сагынып жүрүп тапканмын,
Тилеймин болсун аман деп.
Кыргызча көркөм окуу · aibek