Акталган үмүт

«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы

Өмүрүмдүн сүртүмдөрү

Раманкул Момункулов · 1940–2020

Бактысыз бала экенмин,
Төрөлгөн бороон алдында.
Атакем кетип согушка,
Үч жашта өлүп апакем,
Чоң энем менен калдым да.
Жашоом болуп бүдөмүк,
Күнүмдүн көзү түнөрүп.
Айрылык ата-энеден,
Көк жетим болдум түбөлүк.

Кыргызча көркөм окуу · aibek