«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы
Окуучуга
Башаты жаңы ачылган булак болуп,
Тамчылап ырлар келет кучак толуп.
Чиймелеп илхам келсе жаза салам,
Үзүлбөс үмүтүмө кубат конуп.
Карыганда колума калам кармап,
Окуучума ичтен чыккан ырымды арнап,
Күн өткөрүп, жүрөмүн эрмек кылып,
Кыйраткансып, жазган болуп, өзүмдү алдап.
Окуучум, өзүң окуп көрчү карап,
Сеземин: жазгандарым чала сабат.
Даамы жок, супсак болсо окубастан,
Текчеңе ыргытаарсың көөнүң жадап.
Эринбечи, окуучум, барактап көр,
Эмгек кылып, жазганмын агызып тер.
Бар болсо тишке урунган бүдүрлөрү,
Ой жүгүртүп, өзүңдүн бааңды бер.
Кыргызча көркөм окуу · aibek