Акталган үмүт

«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы

Жүз көрүшүп жүрөлүк

Раманкул Момункулов · 1940–2020

Өмүр деген бир жөнөкөй сөз эмес,
Жүз көрүшөт кубаныч да, кайгы да.
Бир күндөрү жакшылыкка бөлөсө,
Бир күндөрү салып коёт кайгыга.

Оо, Жараткан, түгөйлөрдү айрыба,
Ажыратып, канаттарын кайрыба.
Татым канттай өткөрсө экен өмүрдү,
Эч ким билбейт не күтөөрүн алдыда.

Өткөн күндөр артта калат түнөрүп,
Бул жашоодо эч ким калбайт түбөлүк.
Кудай берген тирүүлүктө аз күнчө,
Аман-эсен жүз көрүшүп жүрөлүк.

Кыргызча көркөм окуу · aibek