Акталган үмүт

«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы

Көктөмдүн бир күнү

Раманкул Момункулов · 1940–2020

Күн бүркөлүп, аба ырайы бузулуп,
Бороон каптап, кум, топурак учуруп...
Жамандыгы өтөр-кетер бул күндүн,
Адам пейли кетпесе экен кутуруп.

Жамгыр-жаан борошолоп куюлуп,
Болгонсуду акыр заман туюлуп...
Өтөр-кетер убактылуу бу дагы,
Калбаса экен адам жолдон буюгуп.

Күн ачылды, кара булут суюлуп,
Нуру түштү жер бетине куюлуп.
Жамандыктын баары кетти заматта,
Бүт ааламга толуп чыгып сулуулук.

Көктөгү күн көркүн ачты көктөмдүн,
Карегинде сүрөт болуп көздөрдүн.
Жашоо берип жандууларга мээрими,
Улуу күндү ойлоп мен да өзгөрдүм.

Кыргызча көркөм окуу · aibek