«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы
Обонуң ырдын сөзүн эзет экен...
(Атактуу композитор Жумамудун Шералиевдин неберелеринин бири – обончу, ырчы Кубат Тойчиевге)
Куттуктап туулган күнүн неберемдин,
Ырахмат келгениңе, Кубатжаным.
Кулагымдын курсагын тойгузганың –
Чоң атаңдын өнөрүн улантканың.
Обонуң ырдын сөзүн эзет экен,
Кулактын түпкүрүнө жетет экен.
Кубанткан кыргыз элин жетимиш жыл,
Жумамудун арбагына таазим этем.
Отузду жаңы гана араладың,
Чоң атаңдай токсон, жүздү аралагын.
Көрсөткөн өнөрүңдү өмүр бою,
Элиңдин кызматына жараганың.
Күйүп тур Токтогулдун чырагындай,
Шаркырап ак Нарыныңдын булагындай.
Аз болсо да саз болуп элге жетсин,
Обондоруң Таласымдын Чубагындай.
Кыргызча көркөм окуу · aibek