«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы
Мугалимсиз бүткүл дүйнө караңгы
Жумшартып кыргыздардын катуу тилин,
Татар келип үйрөткөн латын тилин.
Апай дешип, агай дешип окуткандар,
Алган болчу алгачкы ирет илим-билим.
Айтканбыз алкыштарды татарларга,
Кошушкан билим берип катарларга.
Сабатын жоюп алган кыргыздарым,
«Почём?» деп сүйлөп калчу базарларда.
Жоюлуп сабатыбыз, кайра өзүбүз,
Мугалимдик кесипти жылоолодук.
Балдарыбыз үйрөнүп «Алиппени»,
Эшик ачып, билимди ыроолодук.
Байдыкем айтып кеткен кандидаттар,
Доктору болду илимдин топтолушуп.
Кээ бирлери академик, профессор,
Кээ бирлери иштеп жатат сот болушуп.
Жоюлсун сабатың деп ураан салган,
Айткылачы чындыгын, алар кимдер?
Ата-энеден кийинки балдарымдын,
Экинчи ата-энеси – мугалимдер.
Билишет, көрүп турат бүт элибиз,
Көңүл бөлүп, барктабайбыз неге аларды?
Билим алып окубай калсак эгер,
Мугалимсиз бүткүл дүйнө капкараңгы.
Айлыгы аз, курсагы ач мугалимдин,
Калтырат азыркы абал ойду ачуу.
Бийликтеги адамдарга айтаарым бул:
Айлыктарын көбөйтүп койгулачы!
Кыргызча көркөм окуу · aibek