«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы
Аракечтин арманы
Эртең менен үйдөн чыгам «чыган» болуп,
Кеч киргенде келемин «туман» болуп.
Кыргыздын төл сөзүндө калабы дейм,
«Алкаш» деген бир сөзү «ураан» болуп.
Кирип келем үйүмө «кыраан» болуп,
Тосуп алат аялым «жылаан» болуп.
Жатып алам кучактап диванымды,
Ичимдикти тараткан «ылан» болуп.
Билемин ичкиликтен пайда жогун,
Келээрин ден соолукка зыян болуп.
Кечээ эмне болгондорун билбей калып,
Эртеси жер тиктеймин уяң болуп.
Калтырбай көңүлүңдү ичип келдим,
Арагым, калды го дейм план толуп.
Канткенде ажырашам сени менен,
Денеме сиңип калдың «куюн» болуп.
Өскөнү жакшы чөптүн тулан болуп,
Оттосом ал туланды кулан болуп.
Катар коюп аракты атып салсам,
Колумда автоматтай курал болуп.
Кыргызча көркөм окуу · aibek