Акталган үмүт

«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы

МАЙРАМЫҢ МЕНЕН, АЯЛЗАТ!

Раманкул Момункулов · 1940–2020

Март майрамы — аялдардын майрамы,
Келгин куштар келип, бакта сайрады.
Жер эне да кенен жайып кучагын,
Тоо-талаада кызыл гүлдөр жайнады.

Айтайынчы силерге бир чындыкты:
Орун алган аялдар көкүрөктөн.
Жаралып кабыргасынан эркектердин,
Аралап жүрөктөрүн тешип өткөн.

Аял деп өмүр бою күйөсүң сен,
Аялды көкүрөккө түйөсүң сен.
Жүрөгүн сеники эмес, аялдыкы,
Аялды ошон үчүн сүйөсүң сен!

Аялзат — бүт дүйнөнүн терезеси,
Аялзат — балдарымдын энекеси.
Аялзат — өмүрдөгү бүт жыргалым,
Аялзат — бүт аалымдын берекеси.

Карылык кирип келээр акырындап,
Бул дүйнөдө өлүм ак, жалганым жок.
Чекемден сылап туруп, о дүйнөгө,
Узатып койсо аялым арманым жок.

Кыргызча көркөм окуу · aibek