«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы
УЧУРАШЫП КЕЛДИМ, КӨЛҮМ, МЕН САГА
Бир көрсөм деп энсеген дүйнө эли,
Амансыңбы, кыргызымдын кутман көлү?
Көптөн бери сыркоолоп көрбөй калдым,
Учурашып келем деп келдим эми.
Кандай, көлүм, аман-эсен жатасыңбы,
Баягыдай сырды ичиңе катасыңбы?
Жаралганымын баланчанчы кылымда деп,
Шыбырап бир жаңылык айтасыңбы?
Чыңдаймын деп ден соолугун ар тараптан,
Дагы эле тынбай келип жатышабы?
Акырын айтып койчу кулагыма,
Узаттың канчалаган падышаны?
Тиктирип ак боз үйдү жээгине,
Өткөндүр кымыз ичип далай хандар.
Кул-күн болуп байлардын малын багып,
Өткөндүр миң-миңдеген кедей жандар.
Үркүндө тууган элиң сени таштап,
Алгандырсың көзүңдү сен да жаштап.
Кудай жалгап, октябрдын нуру тийип,
Аман-эсен калгандары келди аздап.
Тиктеп сени суктанып, ойго баткан,
Ырындай жаза албайм Алыкулдун.
Тиктеп туруп айткандыр көп нерсени,
Олуялык бир сөзүн айт Калыгулдун.
Кыргыздар билген эмес мындай ишти,
Кокустан төгүп алды цианидди.
Таарынып калгансыдың, адам келбей,
Канадалык күнөөлөдү кайта бизди.
Сырлар көп сен жөнүндө айтылбаган,
Ырлар көп сен жөнүндө жазылбаган.
Жатат го кат-кат болуп терецинде,
Ыр кылаар бизден кийин акын балан.
Кыргызча көркөм окуу · aibek