Акталган үмүт

«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы

АРЫШТАЙЛЫ, КЫРГЫЗЫМ, АЛГА БАСЫП

Раманкул Момункулов · 1940–2020

Жашоонун чындыгы бар, жалганы бар,
Ар кимдин өз алдынча салмагы бар.
Бирөөлөр кубанычка батып турса,
Бирөөнүн ат көтөргүс арманы бар.

Бирөөнүн билбегени, билгени бар,
Бирөөнүн шылдың кылып күлгөнү бар.
Бирөөлөр жашоосуна капа болуп,
Ичинен ыйлап — өксүп жүргөнү бар.

Бирөөнүн сүйбөгөнү, сүйгөнү бар,
Бирөөнүн көңүлү ак, сөздөрү бал.
Бирөөнүн бактысына көз артышып,
Бирөөнүн ыйманы жок, пейили тар.

Бирөөлөр байып жатат кычырашып,
Бирөөлөр байысам деп тыкырашып.
Унутуп ыйман менен ынтымакты,
Баратат адамдардын куту качып.

Түз болбой өмүрдөгү басаар жолун,
Дайыма турбайт экен асфальт болуп.
Кээде жол чуңкур болуп, бөксө болуп,
Кээде жол алмашат таштак болуп.

Бирибизге бирибиз аралашып,
Ачыбызга тогубуз каралашып,
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып,
Арыштайлы, кыргызым, алга басып!

Кыргызча көркөм окуу · aibek