«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы
БАТАМДЫ БЕРИП ОТУРАМ
Страницы 44–45
Сөзмөр элем, сүйлөп турган кечээ мен,
Сен коё тур, мен сүйлөйүн дечү элем.
Кырсык болуп, чыкпай калды дабышым,
Эмне кылам, ушул болсо бешенем.
Айтып коюп баскан-турган кыялын,
Чымчып сүйлөп, кытыгылап күлдүргөм,
Анекдотту жаадырчу элем жамгырдай,
Көңүл ачып, жолдошторду бир жүргөн.
Бар сырымды байлагандай түйүнгө,
Эч ким болбой отурамын үйүмдө.
Өткөн өмүр элес болуп баратат,
Эки чоочун таанышкандай күүгүмдө.
Күндөр жылып, айлар жылып, жыл жылып,
Өтүп барат убакыт да закымдап.
Бырыш кирип беттериме так болуп,
Карылык да куун жетти такымдап.
Аппак кардай мурут-сакал агарды,
Карыдым деп оюма албайм аларды.
Аман-эсен болсо экен деп Кудайдан,
Тилек кылам неберемди, баламды.
Эч качан өкүнбөймүн өткөн күнгө,
Кез-кезде зеригемин жата берип.
Келип калса балдарым «Кандайсыз?» – деп,
«Жакшы жүр!» – деп отурамын бата берип.
Кыргызча көркөм окуу · aibek