Акталган үмүт

«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы

БУЛ ӨМҮРҮҢ БҮТ ЖАЛГАН

Раманкул Момункулов · 1940–2020

Хан сарайды отурсаң да кучактап,
Асмандагы кушту алсаң да тузактап,
Жоктоп сени туугандарың, балдарың,
Ыйлай турган күнү болот бышактап.

Балаң калат, аял калат ыйлаган,
Тууган калат, элиң калат сыйлаган.
Өмүр бою жашоо менен күрөшүп,
Малың калат, дүйнөң калат жыйнаган.

Жериң калат тукабадай кулпунган,
Итиң калат байлоодогу жулкунган.
Көзү өткөн соң кандай жашап жатат деп,
Карагандар көп болушат сыртыңдан.

Түнүң калат жымжырттыкка курчалган,
Ырың калат тоо жаңыртып үн салган.
Жылдыз калат жымыңдашып көз кысып,
Көктө туруп, саман чачып жол салган.

Күнүң калат бүт ааламды жылыткан,
Айың калат жарк деп чыккан булуттан.
Дайраң калат, деңиз калат чалкыган,
Сен жатасың сууга жетпей бир ууртам.

Абаң калат атыр жыттуу жыттанган,
Сүйүүң калат кубат алган кыздардан.
Уктап жатып чын жашоого кетесиң,
Баары калат, бул өмүрүң бүт жалган.

Кыргызча көркөм окуу · aibek