«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы
КАМПАСЫ ТОЛО БАР КУДАМ
(Сабиттин үйлөнүү тоюнда кудам Набинге карата айтылган куттук сөзүм. Аны байбичем Рахима чогулган элге үн чыгарып окуп берген. Анда 2004-жылдын 17-январы эле.)
Амансыңбы, кан кудам,
Өзөктөш, кандаш, жан кудам?
Кандай заман болсо да,
Кампасы толо бар, кудам?
Төрт-беш ай бою сыркоолоп,
Келе албай жүрөм табыма.
Аныма дагы карабай,
Кемпирди алып жаныма.
Небере, келин балдарды,
Кондуруп алып далыма,
Тоюңа куттук айтам деп,
Бишкектен келдик жабыла!
Атаңдын аты Каны эле,
Акылмандын даны эле.
Бечара жетим-жесирдин,
Жеп отурган наны эле.
Атаңдын тору кашкасын,
Бастырып далай шашкамын.
Апкелген «базарлыгынын»,
«Ап» этип жүргөм артканын.
Апаңдын аты Үмүрү,
Аялдардын даткасы.
Алтыны өзүң, зээри өзүң,
Кум аралаш башкасы...
Чоң тоюңа чакырдың,
Куда-сөөк, туугандарыңды.
Отурасың кубанып,
Үйлөнтүп Сабитжаныңды.
Кут болсун, кудам, ушунуң,
Бек болсун боосу кушуңдун!
Аман-эсен болгула,
Өмүрдүн көрүп кызыгын.
Келин алып, кыз берип,
Узара берсин учугуң!
Кыргызча көркөм окуу · aibek