«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы
АТА-ЭНЕГЕ БАЛА ТАТТУУ, БАЛА БАЛДАЙ
(Адилнайдын бешик тоюна ак тилек. 2010-жыл, 9-ноябрь)
Бешик той ата-баба салты экен,
Той берүү ата-эненин парзы экен.
Куттуктап тилек айткан агайындар,
Ак тойго күбө болгон жарчысы экен.
Адинай, кубанычсың ата-энеңдин,
Термелип бешигиңде жата бергин.
Аман-эсен чоңоюп – бойго жет деп,
Тилеги ушу отурган бардык элдин.
Ата-энеге бала таттуу, бала балдай,
Жарык берип жаңы гана аткан таңдай.
Эл башкарган кыздардын бири болсун,
Кыргыздын датка энеси Курманжандай.
Сүйлөсө сөздөрүнүн мурчу болсун,
Өзүнө теңдүүлөрдүн курчу болсун.
Дүйнө элин үнү менен таң калтырган,
Кыргыздын Мыскалындай ырчы болсун.
Көп элди бириктирген тилчи кыз бол,
Эл-жериңди жаныңдай сүйчү кыз бол.
Асманга ак куу болуп сызып жүргөн,
Чоң апаң Бүбүсарадай бийчи кыз бол.
Агайын-туугандарың кубанышып,
Куттукташып отурат бешигиңди.
Эстүү болуп чоңоюп бой жеткенде,
Жигиттер чертип турсун эшигиңди.