Акталган үмүт

«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы

КУДАЛАРГА КАЙРЫЛУУ

Раманкул Момункулов · 1940–2020

Кудай кошкон куда болот дегенди,
Айтса керек кыргызда бир кеменгер.
Пайгамбардын кошкону дос болот дейт,
Насиптешип – бир табактан жегендер.

Кудай кошкон куда болдум бүгүндөн,
Кубанычка койнум толуп сүйүнгөм.
Келин күттүм, куттуу кылсын Кудайым,
Эрте туруп таазим кылып жүгүнгөн.

Келин болсун ишке билек түрүнгөн,
Ызаат кылып, акылынан билинген.
Элпек болсун ата-энесин сыйлаган,
Айткан сөздү эки кылбай жүгүргөн.

Кадырласын алган жарын – сүйгөнүн,
Байкатпасын кабак-кашын түйгөнүн.
Ынтымакта ырыскысын бөлүп жеп,
Тең көрүшсүн жакшылыгын дүйнөнүн.

Кемпир-чалга чайын берип кайнатып,
Дасторкондо тамак-ашын жайнатып,
Күлүп-жайнап берип турса тамагың,
Калат анда карандай суу бал татып.

Сөз таба албай, толкунданып бүгүн мен,
Шаңдуу күлкү чыгып жатат үйүмдөн.
О, кудалар, баарыбызга кубаныч,
Бул кубаныч жаралган чын сүйүүдөн.

Ырыс алды ынтымак – билесиңер,
Жаштарга айтам: эми өзүнчө бүлөсүңөр.
Турмуштун кең жолуна кадам таштап,
Жашоо үчүн башталат күрөшүңөр!

Ынтымакты чачыратып, алып жыккан,
Аралатат ушакты анык душман.
Сереп салып, жеткенче чындыгына,
Биз, кудалар, тайбайлычы калыстыктан.

Туралы барда, жокто аралашып,
Бирибизге бирибиз каралашып.
Жакшы жагын көтөрүп, даңазалап,
Жаман жагын жачалы, жара басып.

Балама кайненесиң, кудагыйым,
Баламды кызыңдай көр – суранычым.
Кызыңды кызыбыздай көрөлү биз,
Экөөсү тең болушсун кубанычым!

Үйүңдө ыңаалаган бала болсун,
Короолору маараган малга толсун.
Ыргыткан таш түшкөн жерде оор болуп,
Көшөгөсү көгөрүп, бакыт консун!

Силерсиңер учугумду улай турган,
Силерсиңер уругумду курай турган.
Силерсиңер бар-жогума каралашып,
Силерсиңер ал-жайымды сурай турган.

Кыргызча көркөм окуу · aibek