«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы
Балама насаат
Адамдыктын салмагы акылында,
Баккан малдын салмагы акырында.
Түз жүрбөсөң туура айтып, калыс сүйлөп,
Басып кетет тескери жакының да.
Улууларды ызаатта урмат кылып,
Кызматыңды көрсөткүн сыйлап туруп.
Жок болсо эгер данегиң, акылың да,
Адам кылат ким сени кыйнап туруп?
Акыл сөз бар: «Жети өлчөп, бир кес», – деген,
Ойлонгун ар бир ишти баштаганда.
Ийгиликтер эртели-кеч боло берет,
Бүтөр ишти чала таштап качпаганга.
Өмүр кызык, кандай сонун жашаган,
Өткөн күнгө баа бербейт жаш адам.
Бирок ойлон, бир жалгыздык башта бар,
Отуз уул болсоң да атадан.
...Бала бар – гүлдөп турган жемиш бүрү,
Бала бар – колуңдагы бакыт гүлү.
Кетсек да бул дүйнөдөн кош айтышып,
Бала бар – ошон үчүн адам тирүү.
Кыргызча көркөм окуу · aibek