Акталган үмүт

«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы

Жолуга турган кез келээр

Раманкул Момункулов · 1940–2020

Өзүмө өзүм сырдашып,
Отурсам үнсүз ыр жазып.
Чөмүлүп түпсүз ойлорго,
Турганда келсең бир басып.

Асманды, жерди чабыттап,
Көңүлдү турса ой басып,
Жарк этип күлүп – жылмайып,
Жаныма келсең – ал бакыт.

Адашып далай кайыктай,
Картаңып жара айыкпай,
Алыстап кетти арабыз,
Тереңде сүзгөн балыктай.

Таарынычтар айтылып,
Өткөндүн баары эстелээр.
Айыктырат өткөн күн,
Жолуга турган кез келээр.

Кыргызча көркөм окуу · aibek