«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы
Бүгүн майрам – 23-Февраль!
Коргойт деп Совет өлкөсүн,
Армияны түзгөн күн.
Тиш кайраган душмандар,
Үмүттөрүн үзгөн күн.
Асманын да кайтарып,
Суу астын да кайтарып,
Кургакта чек арага,
Куралды сактап жай салып.
Ракета, танка, самолёт,
Бербеди жардам немиске.
«Катюша» менен аткылап,
Армия жетти Жеңишке.
Үйүнө чейин кубалап,
Берлинге киргизди.
Ким экенин Кызыл Армия,
Бүт дүйнөгө билгизди.
Бүткүл дүйнө элдери,
Согушсуз күнгө үндөсүн.
Өстүрүп бала-чакасын,
Согушсуз күндө гүлдөсүн!
Кыргызча көркөм окуу · aibek