«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы
Миң кыял
Бир кыялым нурдай болуп чачырап,
Бир кыялым гүлдөй болуп ачылат.
Бир кыялым туюк болуп күңүрттөп,
Көлөкөлөп, күндүн нурун жашырат.
Бир кыялым учкун болуп чачылат,
Бир кыялым вулкан болуп атылат.
Бир кыялым сүңгүп кирип тереңге,
Балык болуп, суу түбүнө жашынат.
Бир кыялым сөз таба албай жазганга,
Бүркүт болуп көтөрүлөт асманга.
Сенин гана жылуу, жумшак кыялың,
Ойдон кетпейт отурсам да, жатсам да.
Жолугушуп, сүйлөшкөндө сеземин,
Кыялыңдын өтө назик экенин.
Миң кыялдуу жүрөктөрдү оорутпа,
Өрдөйлүчү бул жашоонун өзөнүн.
Кыргызча көркөм окуу · aibek