Акталган үмүт

«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы

Ар-намыс болсун элимде!

Раманкул Момункулов · 1940–2020

Кыргыздар кыргыз деген улут болуп,
Жүрүшкөн көчүп-конуп, булут болуп.
Ар-намысы болбосо кыргыздардын,
Кетишмек аты чыкпай "курут" болуп.

Намыс деген – бул улуттун өзөгү,
Намыс болсо, гүлдөп турат өзөнү.
Ар-намысты бийик туткан адамды,
Туу кылышып кармап турат өз эли.

Бек кармаган ары менен намысын,
Сыйлап турган улуу-кичүү баарысын.
Кылымдарды карытып кыргыз ата,
Жашап келет кенен таштап арышын.

Кыргызды кырдан жыйнап бириктирген,
Болсо экен жигиттери Манасымдай.
Намыстанып жүрөгүн окко тоскон,
Болсо экен Эр Чолпонбай агасындай.

Ар-намыс кыргыз үчүн бийик болгон,
Ар-намыс кыргыздарга болгон коргон.
Кармашып канчалаган душман менен,
Ар-намыс сактап келген нечен жоодон.

Кыргызча көркөм окуу · aibek