Акталган үмүт

«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы

Отура бергин сүйүнүп

Раманкул Момункулов · 1940–2020

Чачырап тиет нурлары,
Жарк этип чыкса көктө күн.
Караңгы болуп күңүрттөп,
Жалп этип өчөт өткөн күн.

Жаадырап-жайнап асманы,
Көңүлдү ачат көктөм күн.
Узап кеткен караандай,
Булбулдөп калат кеткен күн.

Орундалса тилегиң,
Ойлогон ойго жеткен күн.
Ойлонбой кылган иштериң,
Опосуз болуп кеткен күн.

Оюңдан чыкпайт эч качан,
Биринчи жолу өпкөн күн.
Көрүнбөй көзгө эч нерсе,
Жаштык кез болот көпкөн күн.

Ак куулар канат сабалап,
Үстүнөн учат көк көлдүн.
Оюнда бирден саналып,
Издери калат өткөндүн.

Кол кармашып ант берип,
Үйлөнөбүз дешкен күн.
Кадамды таштап жашоонун,
Башатын барып кечкен күн.

Жигиттик кезиң балык күн,
Карыган кезиң тарых күн.
Тамтаңдап басса неберең,
Таалайга бүткөн жарык күн.

Чакылдап саат жебеси,
Убакыт өтөт токтобой.
Өмүрлөр узап баратат,
Бүгүнгө эртең окшобой.

Балдарың турса жүгүрүп,
Келиниң турса жүгүнүп,
Бактыма бүткөн күнүм деп,
Отура бергин сүйүнүп.

Кыргызча көркөм окуу · aibek