Акталган үмүт

«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы

Кийин калба өкүнүп

Раманкул Момункулов · 1940–2020

Жан эриткен жылуу сөзгө эзилип,
Капысынан сага калдым кезигип.
Чын жүрөктөн сыр айтышып жашырбай,
Мүмкүн эми кошулушаар эки үмүт.

Келбей калсаң айткан жерге кечигип,
Келээр жакты тиктей берем тешилип.
Көргөн кезде карааныңды алыстан,
Жаш баладай кубанамын секирип.

Чарчап келип жумушуңдан чечинип,
Жатып калсаң диваныңда көшүлүп.
Мен да жатсам чарчадым деп, жаныңа,
Чырт эткизип светтерди өчүрүп.

Катуу айтсам, койчу мени кечирип,
Ыраазымын калганыма кезигип.
Мен сендикмин, сан ойлорго салбачы,
Күйүп турган жалынымды өчүрүп.

Байкап сүйлөп, кетпесин деп чекилик,
Айтпайын деп, жаман сөздөн бекинип.
Жагынам деп сага кылган айладыр,
Абайлагын, кийин калба өкүнүп!

Кыргызча көркөм окуу · aibek