«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы
О, Жараткан, жардам кыл!
Миңдин бири аман калат рактан,
Жүздөн бири аман калат арактан.
Адам өзү себеп болот ооруга,
Ошентсе да жардам берчи, Жараткан!
Адамдар көп туура жолдо бараткан,
Кээ бирлери тегиз жерден адашкан.
Таппай жатат чимирилип айласын,
Түздөп коюп, жардам берчи, Жараткан!
Өмүрүңдүн татаал экен жолдору,
Кокустуктан оюңдан сен адашсаң.
Таап берет туура жолду көрсөтүп,
Пейли таза жакшы адамга жанашсаң.
Байлыгы бар, байысам деп дагы да,
Бийлиги бар, көп адамды караткан.
Кара санап, тарып барат пейили,
Ушундайга ыйман берчи, Жараткан!
Кыргызча көркөм окуу · aibek