«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы
«Москвичтин» арманы же «Кыргыз машина» жөнүндө
Тамаша ыр · страницы 27–29
Сашкабай айдап күнү-түн,
Оодарды жаман эсимди.
Ходовочка таптык жок,
Резина, темир тешилди.
Рулум жарып оборот,
Кесилип кеткен лобовку.
Зажигатье прямой,
Бузулуп калган кулпусу.
Ылдыйлаган кандын басымы,
Жүрөгүм толду арманга.
Көбөй деймин «УАЗта»,
Поршеним сынып калганда.
Ичтенген чурулдап,
Бензиник келет казанда.
Ысык суу куюп күйгүзүп,
Заводить этет азанда.
Салып алып төрт киши,
Анан жөнөйт базарга.
Төрт дөңгөлөк басымын,
Өлчөп койбойт бир жолу.
Оң жакка кетсем, сол жакка,
Рулду бурат миң жолу.
Стартердин тиштери,
Кычкырып зорго от алат.
Рычагды жулкуп кол менен,
Скоростко бир салат.
Тишиндей болуп алкаштын,
Шакылдайт клапандары.
Свечам түтөп май сасып,
Түшүнө бергин ар жагын.
Карданым калды калдырап,
Бүт денем калды шалдырап.
Ичин алып айдаса,
Тике эле барып жарга урат.
Келтирип менин ачуумду,
Капшыра басат газымды.
СТОго барсам экен деп,
Төгүп алам жашымды.
Айдай берет ай-жылдап,
Алмаштырбай майымды.
Куурап калды задний мост,
Кимге айтсам ал-жайымды.
Кар, жамгыр суусу болбосо,
Денеме суу тие элек.
Токтотуп туруп «мойкага»,
Салонду такыр жуба элек.
«Кудайберген» базардын,
Өткөндө айдап жанынан.
Кызарат көзүм алсам деп,
Жап-жаңы запчастарынан.
Мен тапкан тыйын-тыйындан,
Мага да жумшап койбойбу.
Уяты жок Сашканын,
Жарымын алса тойбойбу.
Көңүлүм качан зыңылат,
Запчастям качан чачылат?
Оңдосо экен – талабым,
СТОго барып батыраак.
Кыргызча көркөм окуу · aibek