Акталган үмүт

«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы

БИР ШИЛТЕМДЕР

Раманкул Момункулов · 1940–2020

Страницы 30–33

Ойлорум кат-кат болуп саналарда,
Ырларым түрмөктөлөт жараларда.
Төрөлүп түшкөн кезде сап-сап болуп,
Окуп кой деп сунамын араңарга.

Акылдуу көп, акмактар да аз эмес деп,
Айтканы бар Горькийдин китебинде.
Жакшы менен жаманы тең жүргөндөй,
Терең сыр бар бул сөздүн өзөгүндө.

Акча деген – бул оорунун бир түрү,
Акчаны эстеп уйкуң келбейт күн-түнү.
Акча деген айыкпаган дарт болот,
Ажал болуп алып кетет бир күнү.

Болчу эле күндө базар качан эле,
Жети күндүн бир күнү базар эле.
Мал сатып, чөбүн сатып – баарын сатып,
Акчалар суудай агып жатаар эле.

Жумуш жок, мына эми күндө базар,
Уйкудан безгендерге түндө базар.
Базар, базар... акчаны кубалайсың,
Бир күнүң жок дем алып көңүл ачар.

Ойлогон ойлор маң болуп,
Ортодо калат чаң болуп,
Кээ бир ойлор тазарып,
Түшүмүн берет май болуп.

Кээде жок, кээде бар болуп,
Кээде кең, кээде тар болуп,
Өтө берет өмүрүң,
Жааган жамгыр, кар болуп.

Жүрөктөр турса жанашып,
Үмүттөр турса жарашып,
Ырыс менен ынтымак,
Алыс кетпейт адашып.

Күлүп туруп баштадың айтаар сөздү,
Тиктедиң алдай туруп эки көздү.
Жигиттердин тазасы сен деп жүрсөм,
Турбайсыңбы сен деле эки сөздүү.

Эстесең өткөн өмүр барактарын.
Балалыктын, жаштыктын жыты урат.
Талантың жаш, карыга карабайбы,
Карыдым деп жатсаң да кыпыңдайт.

Арнагам өзүңө деп жүрөгүмдү,
Билбедим сен башканы сүйөөрүңдү.
Бир жүрүп, бир күнү эле таштап кеттиң,
Мен болсо үзбөй жүрөм күдөрүмдү.

Жаз жыты келип калды буруксуган,
Тондорун чечип саат эми чыккан.
Күн жылып, клиенттер көбөйөт деп,
Мен дагы дарбазадан карап турам.

Кандан чыккан балдарым,
Жүрөктөн чыккан ырларым.
Экөөн тең жакшы көрөмүн,
Экөө тең менин жыргалым.

Карылыгың жармашты го жакама,
Күндөн күнгө окшоп барам атама.
Бул өмүрдүн кыска экенин билгенде,
Төрөбө деп айтпайт белем апама.

Эркелерим, кечирип кой, апаке,
Күнөөлөбөйм мен силерди ак жерден,
Атама да, өзүңө да ырахмат,
Бул дүйнөгө жашагын деп апкелген.

Эң биринчи жакшы көргөн тамагым деп,
Жан жыргатат ичкенде арагым деп,
Алтымыштан ашканча ичип келдим,
Айта элекмин ичкенден жададым деп.

Таланттын баарын таш кылып,
Бөтөлкөлөрдү аттырып,
Көчөдө ичип жүргөн бар,
Көрүнгөн итке каптырып.