«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы
БААРЫНАН МАГА СЕН СУЛУУ
Бетине түшкөн кал сулуу,
Бутагы калың тал сулуу.
Караңгы түндөн арылып,
Агарып аткан таң сулуу.
Ай тийип турган түн сулуу,
Килемге салган түр сулуу.
Жарыкты берип ааламга,
Жылуулук берген күн сулуу.
Ааламды турган кучактап,
Көтөрүп турган жер сулуу.
Көк-жашыл болуп кулпунган,
Адырга бүткөн бел сулуу.
Түбөлүк кылып жашоону,
Улантып жаткан эл сулуу,
Көңүлдүн гүлүн өстүргөн,
Баарынан мага сен сулуу.