«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы
СҮЙҮҮДӨН БЕРЧИ БИР ҮЗҮМ
Башына жоолук салынып,
Мойнуна мөнчөк тагынып,
Эриген мөңгү суусундай,
Жарк этет көзгө агылып.
Кыздардын чачы улуу деп,
Кыргыздын кызы сулуу деп,
Жар салгым келет ааламга,
Кыздарга арнап жылуу кеп.
Кичүүгө ызаат көрсөтүп,
Улууга урмат кылышкан.
Көркөмүн көздү жылатат,
Күнгө окшоп чыккан булуттан.
Тынчтыгын алып күнү-түн,
Көз менен тартып жигитин,
Билмексен болуп өзү эле,
Билдирип коёт сүйүүсүн...
Тамшандырган сулуу кыз,
Жүрөккө орноп күн-түн,
Томсортуп салбай тозокко,
Сүйүүдөн берчи бир үзүм!
Кыргызча көркөм окуу · aibek