Акталган үмүт

«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы

КОҢШУЛАРГА

Раманкул Момункулов · 1940–2020

2006-жылы 21-мартта — Нооруз майрамында Мырзанын үйүндө отуруп коңшуларга окулган ыр

Ала-Тоонун ак кары, музу эрип,
Кубанып отурабыз Нооруз келип.
Куттуктап коёюнчу майрам менен,
Койсоңор сөз кезегин мага берип.

Ар жактан агып келип айыл болдук,
Ар ишине турмуштун кайыл болдук.
Сары өзөн кең Чүйүмдү бүт аралап,
Ак-Жол деген айылга байыр болдук.

Өткөн күн өтө берет жомок болуп,
Катышкыла бир-биринө конок болуп.
Ынтымак, ырысыңар айкалышсын,
Темир менен ширелген болот болуп.

Өткөн жаш өтө берет тарых болуп,
Бүгүндөн эртеңки күн жарык болуп.
Убагы келген кезде бир күндөрү,
Отурарбыз өткөндү эстеп карып болуп.

Бирибизди — бирибиз ызаат кылып,
Аз өмүрдү жашартсак узак кылып.
Кирдетип албайлычы көңүлдөрдү,
Аралатып сөз айтып — ушак кылып.

Оорусаң үн чыгарып созолонуп,
Кыйналып аял, балаң кошо ооруп...
Ошондо көз алдыңа элестелет,
Жайлоодо сел жургөндөй жошо болуп.

Кыйналып жан, Кудайга жалынасың,
Кудайым эмин салса айыгасың.
Кошулсаң катарына эл-журтундун,
Тагдырдын эмесине таарынасың?

Коңшуларым — төру Таалай, сары Таалай,
Байкеңерди жүрөсүңөр дайым баалай.
Жакшылык болсо экен деп баарыңарга,
Тилек кылып жүрөмүн жаным калбай.

Көрө албадым, Болот, сени айлап-жылдап,
Жүрө бергин аман-эсен жыргап-куунап.
«О байке, кандайсың?» – деп анда-санда,
Токтогулдан койсоң болду колду булгап.

Карыганда күйөө деген жээн болот,
Мелис коңшу көңүлүмө дайым толот.
Такшалып тарбия алган чоң атадан,
Сый дегенди дайыма бийик коёт.

Алтынбегим, Дайырым, Алмазжаным,
Эч кимге мен силерди алмашпаймын.
Коңшулар, баарың мага туугандайсың,
Жакшы көрүп баратам карган сайын!

Мырзажан, Токтоматым, Четтикбайым,
Өмүрдүн тоскоолунан өттүк дайым.
Баарыңды мактап жатам кошоматтап,
Берээр деп, барып калсам чайнек чайын.

Өскөнбай, кырк жигиттин бириндейсин,
Кадимки Курманбектин түрүндөйсүн.
Бир тиктеп койгон кезде Аида аяш,
Бүгүлүп келип туруп күлүндөйсүн,
«Эмнеңди кылайын, күнүм?» – дейсин.

Котур таштты коюнга катпайлычы,
Адамдык сапаттарды сактайлычы.
Ынтымактын эң алды ырыс деген,
Аталардын акыл сөзүн актайлычы.

Жакшы сөз, жакшы ырымды арнайын деп,
Бир-бирден тамырын кармайын деп.
Тийишип жазган жокмун эч кимине,
Кокустан таарынтып мен албайын деп.

Кыргызча көркөм окуу · aibek