«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы
БИР ТУУГАН КЫМБАТ ЭКЕН БААРЫНАН ДА...
Иним Майманкулдун туулган күнүн куттуктоо. 2005-жыл, 1-январь
Деңиздин толкунундай жашап келдин,
Көргөн жоксуң жамандыкты өмүрүңдө.
Бакылдаган ак көңүл мүнөзүң бар,
Жамандык жок, арамдык жок көңүлүндө.
Бир тууган кымбат экен баарынан да,
Ичим кетет эзилип сагынганда.
Бөлөк өстү болуп сенин калганың да,
А мен сени артык көрөм жанымдан да.
Бакыт-таалай каалаймын баарыңарга,
Туулган күнүң бүгүнкү куттуу болсун.
Дасторконун үйүлүп тамак-ашка,
Үйүңө берекенин куту консун.
Кудайдан ден соолукту тилейм сага,
Турмуштун кырсыгынан аман болуп,
Жашай бер сексен, токсон, жүзгө чыгып,
Сабеңе, балдарыңа караан болуп.
Кыргызча көркөм окуу · aibek