Акталган үмүт

«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы

ЭСТҮҮ БОЛУП ӨССӨ ЭКЕН

Раманкул Момункулов · 1940–2020

Түрдүү болот адамдардын беттери,
Бири жука, бири калың эттери...
Калыңында, жукасында талаш жок,
Болсо болду уят-сыйды сезгени.

Уят-сыйды жаштайынан сезген бар,
Нашаа чегип, чымын жандан кечкен бар.
Куул алып ичкиликтин артынан,
Үй-бүлөдөн, ата-энеден безген бар.

Алып турса ата-эненин сабагын,
Тарбиясы жакшы болот баланын.
Ини басат ага баскан жол менен,
Карыга да, жашка да айтып саламын.

Өрнөк кылып улуулардын жаш чагын,
Синдиси өсөт көрүп эже басканын.
Элин-жерин сүйгөндөрдөн болсо экен,
Келечекке кучак жайып жаштарым.

Кыргызча көркөм окуу · aibek