«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы
РАХИМАНЫН БИР ООЗ СӨЗУ
Көзү ачык орус кемпирдин эшигинин алдында күтүп отуруп өмүрлүк жолдошумдун атынан жазылган ыр
Адамдар жашайт экен үмүт менен,
Узун экен экватордон үмүт деген.
Бир Кудайдан тилеп мен жакшылыкты,
Үзүлбөгөн үмүт менен жашап келем.
Ойлой берсем, ой түбү кандай терең,
Көзүмдөн үмүтүм бар көрөм деген.
Оо, тагдыр, мынча неге таш боорсуң,
Соо калсачы, бир көзүм аман деген.
Ойлосом, жакшылыктан үмүт кылып,
Оронот жылуулукка бүткүл денем.
Кырынан алтымыштын ашсам дагы,
Неберемди ойнотуп жүрөм дегем.
Жөнүм жок Кудайымдан көрө турган,
Жата калып, көзүмө өзүм дары куям.
Эки айда көрбөй калдым караңгылап,
Болгон жок ага эч ким көңүл бурган.
Мына эми жыйынтыгы — көрбөй калдым,
Көзү ачыкка, дарыгерге далай бардым.
Азыр да үмүт кылып алпар деймин,
Тынчын алып үн чыкпаган жаман чалдын.
(Ушул ырымды окуп чыгып, Рахима толтодон суруп жазыпсың деп ыйлап алган)
Кыргызча көркөм окуу · aibek