Акталган үмүт

«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы

САМАБАЙМЫН БАЙЛЫКТЫ

Раманкул Момункулов · 1940–2020

Сан гүлгө оролгондой талаалаарым,
Сан ойго бөлүнүшөт санаалаарым.
Түшүңдүм тагдырлардын татаалдыгын,
Жакшы менен жаманы барабарын.

Жетет деп жеп отурган кара наным,
Байыймын деп байлыкты самабадым.
Ден соолугум өмүрүмдүн байлыгы деп,
Өткөргөн күндөрүмдү санабадым.

Канча жыл жашаса да адам деген,
Өтпөйт экен өмүр бою сайран куруп.

Түз жүрбөй ынтымакты ыдыратсаң,
Жашооңду чачыратат айран кылып.

Аткан кезде нурун чачып, агарып таң,
Баткан кезде күүгүмдөп карайып шам —
Бир күндүк өмүрүңдү өткөргөнүң,
Эртенки бир күнүнө көрөсүн кам.

Көп өмүр өтүп кетти майдай жылып,
Өткөрдүм көп күнүмдү майрам кылып.
Түгөнсө ичээр суум, көрөөр күнүм,
Коюшаар көрүстөнгө «кайран» кылып.

Кыргызча көркөм окуу · aibek