«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы
«МЕН АШЫГЫҢ» ЫРДАЛАТ КЫЛЫМДАРГА
Кыргыздын талантуу акын кызы Сатин Абдыкеримованы эскерип
Кыргыздын кыздарынан чыккан акын,
Абдыкерим кызы болот — аты Сатин.
Окуп жүрүп чоңойдук лирикасын,
Сезимдерге түнөгөн болуп жакын.
Арадан жарым кылым өтсө дагы,
Ашык болуп жүрүшөт «ашыктарың».
«Мен ашыгың» ырдалат кылымдарга,
Жаштардын бир-бирине чачып жалын.
Жазган ырын обого жазылчу эле,
Эфирден үрөн болуп чачылчу эле.
Тойлордо, тоолордо же талааларда,
Ырдашып көңүлдөрүн ачышчу эле.
Таалай балан төрүнө илип сүрөтүндү,
Элестетет бир жашаган мүнөтүндү.
Эстелигин карап турат неберени,
Билгизип мээрим чачкан мүнөзүндү.
Отсо да чейрек кылым кеткенине,
Салышат окурмандар эстерине.
Ыр дастанын окулат түбөлүккө,
Көңүл коюп кенеш берген кептерине.
Кыргызча көркөм окуу · aibek