Акталган үмүт

«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы

«ЭЛИТСТРОЙ» БАЗАРЫНДАГЫ ЭРГҮҮЛӨР

Раманкул Момункулов · 1940–2020

Эрте туруп жөнөймүн азан менен,
Ачылды деп «Элитстрой» базар деген.
Табам го деп кечке иштеп бирдемени,
Күрөшөмүн бир күндүк жашоо менен.

Келип калса «клиент» кош деп турам,
Көрсөтүп «Жигулими» бош деп турам.
Келбесе кардар болуп машинага,
Жумушсуз бечарага окшоп турам.

Күткөндөй дарбазадан кудаларды,
Тособуз «клиентти» кучак жайып.
Заманаң ушул күнгө такап койсо,
Болбостур дейм биздерде эч бир айып.

Көп тапсам, эттен алам, куйрук алам,
Үйгө барып казанга аса салам.
Кадимки «бешбармактын» өзүн жасап,
Тоюнушат неберелер, аял, балам.

Аз тапсам, картошка алам, пияз алам,
Май куюп казаныма аса салам.
Бешбармак болбой калды бүгүн дешип,
Тиктешет бири-бирин катын-балам.

Эрте турган эркектин ырысы артып,
Эрте турган аялдын бир иши артык,
Дегендей кур кайтпаймын базарымдан,
Буйруганын машинама келем артып.

Бир кезде башкарчу элем мекемени,
Азыр мен кимге өзүмдү окшоштурам?
Тамак-аш, кийим-кече даяр эле,
Кез-кезде СССРди жоктоп турам...

Кыргызча көркөм окуу · aibek