Акталган үмүт

«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы

БҮТ КЫМБАТ

Раманкул Момункулов · 1940–2020

Ооруп калсаң – жан кымбат,
Жеймин десең – нан кымбат.
Агын суулар азайып,
Жылдан-жылга кар кымбат.

Коон-дарбыз бүт кымбат.
Ичейин десең – сүт кымбат.
Курам десең бир күркө,
Иштей турган күч кымбат.

Балың кымбат, май кымбат.
Көк чай, кара чай кымбат.
Кедейди адам деп койбойт,
Урмат-сый көргөн бай кымбат.

Солярка, бензин баасы,
Асманга барып такалды.
Кандай жашоо болот деп,
Кармайсың эми жакаңды.

Элим жеген эт кымбат,
Малым жеген чөп кымбат.
Толуп турат базарда,
Кийим-кече, бөз кымбат.

Санап өттүм бир азын,
Кымбат сабиз, пиязың.
Жетпей жатат акча деп,
Желкеңди кашып турасың.

Иче турган суу кымбат,
Жылытканга буу кымбат.
Тажадым деп жашоодон,
Өлөм десең – уу кымбат.

Ооруп калган адамдын,
Табылып турсун дарысы.
Кымбат болсо мейличи.
Бар болсунчу баарысы!..

Кыргызча көркөм окуу · aibek