Акталган үмүт

«Акталган үмүт» — ырлар жыйнагы

АСЫЛБЕКТИ ЭСКЕРИП

Раманкул Момункулов · 1940–2020

(Өз убагында колхоздун активисттеринен болуп, 50 жашка толбой – 49 жашында кайтыш болуп кеткен кайнимдин жаркын элесине)

Асылбегим, асылы элең асылдын,
О, шум ажал, асылга эмне асылдың?
О, кара жер, тойдуңбу эми бүгүн сен,
Эр ортону элүү болбой жашырдың?

Басканыңды, турганыңды эстегенде,
Бөлүшөт ондоп, жүздөп бүт санаамды.
Билгенде кетээриңди келбес жакка,
Үйлөнтүп кетпейт белең бир балаңды.

Ак жамгырдын суусундай тунук элең,
Ар кимге эле сыр айтпаган туюк элең.
Агайын-туугандарга, жан досторго,
Акылдашкан, кеңешкен уюлу элең.

Таштагандай балдарыңды, аялыңды,
Көп түйшүктүү бул турмуштан жададыңбы?
Эч болбосо, бир жолу дарыланбай,
Дүйнөңдү өз жаныңдан аядыңбы?

Жер чапчып эжең калды күйүп-бышып,
Агызып көздөрүнөн жашты ысык.
Марианнаң, Күлүйпаң, Разияң,
Буркурап отурушат ичтен сызып.

Инилериң – Кенжебегиң, Бейшенбегиң,
Канаттары кайрылган бүркүткө окшоп,
Сыртында ак боз үйдүн тегеренип,
Турушат жаш агызып сени жоктоп.

Жибек, Чүрөк, Айбегиң, Сабыркулуң,
Көрүшчү эле бир тууган агасындай.
Мен өзүм дабыш чыкпай улуп турам,
Адашкан карышкырдын баласындай.

Эч айла жок тагдырдын жазганына,
Жолдош болсун ыйманың бир жаныңа.
Кудай колдоп, жарык күн тийип турсун,
Эл-журтум, туугандарга, балдарыңа.

Карабай ажал деген кары-жашка,
Көрөсүң эмне салса тагдыр башка.
Болсоң сен аман-эсен арабызда,
Тойломокпуз чыкканыңды элүү жашка.

Кыргызча көркөм окуу · aibek